> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте батир убада кылып 2,9 млн сом алган жетекчи кармалды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/12/bishkekte-batir-ubada-kylyp-2-9-mln-som-algan-zhetekchi-karmaldy/
- Published: 2026-11-12T07:00:12.000Z
- Updated: 2026-11-12T07:00:12.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Коом

**Бишкекте үлүштүк курулуш аркылуу батир берүүнү убада кылып, жарандан 2 млн 924 миң 986 сом алган курулуш компаниясынын башкы директору кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди.**

> Маалыматка ылайык, шектүү 2021-жылдын апрелинен 2025-жылдын майына чейин жаранга борбор калаадагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен эки бөлмөлүү батир берүүнү убада кылган. Кийин үлүштүк курулуш келишимин башка компанияга кайра тариздөө сунушталган. Бирок батир берилбей, акча каражаты да кайтарылган эмес.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1987-жылы туулган Э.Н. аттуу жаран кармалып, №1 тергөө абагына киргизилген.

Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Милиция жарандарды үлүштүк курулуш келишимдерин түзүүдө курулуш компанияларынын документтерин жана ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун кылдат текшерүүгө чакырат.