> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте көмүрдүн баасы 7 миң сомдон башталат
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/12/bishkekte-komurdun-baasy-7-min-somdon-bashtalat/
- Published: 2026-11-12T09:20:54.000Z
- Updated: 2026-11-12T09:20:54.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Коом

**Бишкек шаарында жылытуу мезгилине даярдык көрүү үчүн көмүр базаларында 13 миң тоннадан ашык катуу отундун запасы топтолду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.**

> Маалыматка ылайык, учурда шаардын төрт районунда көмүр базалары иштеп, отундун запасына жана бааларына мониторинг жүргүзүлүүдө.

Райондор боюнча көмүрдүн запасы төмөнкүдөй:

- Свердлов районунда **9 база** иштеп, **6 073 тонн**а көмүр бар.
- Биринчи май районунда **9 база** иштеп, **1 048 тонна** көмүр топтолгон.
- Ленин районунда **13 база** иштеп, **4 852 тонна** көмүр бар.
- Октябрь районунда "Кара-Кече" маркасындагы **1 558 тонна** көмүр сатылууда.

Көмүрдүн баасы маркасына жараша тоннасына **7 000 сомдон 8 000 сомго чейин** жетет. Айрым базаларда көмүрдү кап менен сатып алууга да болот.

Мэрия шаар тургундарын көмүрдү алдын ала сатып алып, кыш мезгилине өз убагында даярданууга чакырат.