> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Борбор калаада эки көчөдө жол куруу иштери аяктады
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/12/borbor-kalaada-eki-kochodo-zhol-kuruu-ishteri-aiaktady/
- Published: 2026-11-12T09:43:55.000Z
- Updated: 2026-11-12T09:43:55.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Коом

**Бишкек шаарындагы Кара-Коо жана Айни көчөлөрүндө жол куруу иштери толук аяктап, жаңы жол тилкелери пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.**

> Маалыматка ылайык, Кара-Коо көчөсүнүн Д. Садырбаев көчөсүнөн Шералиев көчөсүнө чейинки **720 метр** бөлүгүнө жол төшөлүп, ирригациялык система жана тротуарлар курулду.

Ошондой эле Ленин районундагы Айни көчөсүнүн Махатма Ганди көчөсүнөн Адышев көчөсүнө чейинки **500 метр** бөлүгүндө курулуш иштери аяктап, унаа кыймылы ачылды.

Аталган долбоорлор шаардык жол инфраструктурасын жакшыртууга жана тургундар үчүн коопсуз, ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.