> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чек ара жаңжалынан жабыркаган жарандарга экинчи турак жайлар берилүүдө
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/12/chek-ara-zhanzhalynan-zhabyrkagan-zharandarga-ekinchi-turak-zhailar-beriluudo/
- Published: 2026-11-12T04:59:00.000Z
- Updated: 2026-11-12T04:58:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Коом

**Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан жабыркаган жарандарга экинчи турак жайларды бөлүштүрүү иштери башталды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.**

Бул иштер президенттин 2022-жылдын 17-сентябрындагы Баткен жана Ош облустарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Жарлыгынын негизинде жүргүзүлүүдө.

> Маалыматка ылайык, мамлекеттик комиссиянын 2026-жылдын 29-октябрындагы №7 чечиминин негизинде Тажикстандан Кыргызстанга өткөрүлүп берилген турак жайларды жарандарга бөлүштүрүү чечими кабыл алынган.

Облустук жумушчу топтун төрагасы, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаевдин жетекчилиги алдында Баткен районунда үй алуучулардын катышуусунда чүчү кулак өткөрүлдү. Ушундай эле иш-чара Лейлек районунда да уюштурулууда.

Турак жайлар 2021-2022-жылдардагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал учурунда бир тилкеде жайгашкан эки үйү тең жараксыз абалга келген жарандарга, ошондой эле чек ара аймактарын алмаштыруунун натыйжасында турак жайынан ажыраган айрым жарандарга берилүүдө.

Жарандар чүчү кулактын негизинде алган номерлерине ылайык турак жайларды бөлүштүрүп алышат.

Белгилей кетсек, Тажикстандан Кыргызстанга жалпы **213 турак жай** өткөрүлүп берилген. Учурда алардын **180и** жарандарга бөлүштүрүлүүдө.