> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чүйдө мыйзамсыз таштанды төгүүчү жай тазаланды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/12/chuido-myizamsyz-tashtandy-toguuchu-zhai-tazalandy/
- Published: 2026-11-12T08:44:00.000Z
- Updated: 2026-11-12T08:43:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Коом

**Чүй облусунун Кош-Коргон айылында мыйзамсыз уюштурулган таштанды төгүүчү жай тазаланды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.**

> Маалым болгондой, жергиликтүү тургундардын кайрылуусунан кийин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору текшерүү жүргүзүп, таштандылар белгиленбеген жерге мыйзамсыз төгүлгөнүн аныкташкан.

Текшерүүнүн жыйынтыгында жергиликтүү бийлик тарабынан аймак таштандылардан тазаланып, мыйзам бузууга жол берген тарапка административдик чаралар көрүлдү.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**