> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чүйдүн суу объектилеринен 1000 метр синтетикалык балык уулоочу тор чыгарылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/12/chuidun-suu-obektilerinen-1000-metr-sintetikalyk-balyk-uuloochu-tor-chygaryldy/
- Published: 2026-11-12T05:16:00.000Z
- Updated: 2026-11-12T05:15:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Чүй облусунун аймагында жаратылышты коргоо мыйзамдарынын сакталышын камсыздоо максатында рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш министрлигинен билдирди.** 

> Маалыматка караганда, рейддин жүрүшүндө балык уулоодо тыюу салынган синтетикалык торлорду колдонуу фактысы аныкталды.

Аталган мыйзам бузуу боюнча жалпы суммасы **16 500 сомду** түзгөн **3 административдик протокол** түзүлдү. 

Мындан тышкары, мыйзамсыз колдонулган жалпы узундугу **1000 метрди** түзгөн синтетикалык балык уулоочу торлор алынды.

Ошондой эле рейд учурунда мыйзамсыз аңчылык кылуу фактылары аныкталып, бул багытта дагы **3 административдик протокол** түзүлдү. Мыйзам бузуучуларга жалпы **37 500 сом** өлчөмүндө айып пул салынды.

Жалпысынан рейддик иш-чаралардын жыйынтыгында **6 административдик протокол** түзүлүп, салынган айып пулдардын жалпы суммасы **54 000 сомду** түздү.