> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эмгек министри "Келечек" реабилитациялык борборунун иши менен таанышты
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/12/emgek-ministri-kelechek-reabilitatsiialyk-borborunun-ishi-menen-taanyshty/
- Published: 2026-11-12T10:50:19.000Z
- Updated: 2026-11-12T10:50:19.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Коом

**Бүгүн эмгек министри Алмаз Имангазиев "Келечек" реабилитациялык борборуна барып, балдардын жашоо шарттары, реабилитациялык кызматтардын уюштурулушу жана адистердин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.**

> Маалымдалгандай, сапардын жүрүшүндө министр өзгөчө муктаждыктары бар балдардын ата-энелери менен жолугуп, алардын пикирлерин жана борбордун ишин жакшыртуу боюнча сунуштарын укту. Ата-энелер көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатына жана түзүлгөн шарттарга оң баа берип, борборду кошумча жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча сунуштарын билдиришти.

Министр келген учурда борбордо **49 адам** реабилитациялык кызмат алып жаткан. Алардын **37си** стационардык шартта, **12си** күндүзгү бөлүмдө дарыланууда. Балдар менен бирге **29 коштоочу адам** болгон.

Белгилей кетсек, "Келечек" борборунда бардык кызматтар ****акысыз** көрсөтүлөт. Ал 2022-жылдын 29-декабрында ачылгандан бери жалпы **2 546 бала** реабилитациялык кызматтардан пайдаланган.

Алмаз Имангазиев өзгөчө муктаждыктары бар балдар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле алардын муктаждыктарын эске алуу менен кызмат көрсөтүүнүн сапатын үзгүлтүксүз жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.