> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто 528 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/12/oshto-528-orunduu-zhany-mekteptin-kurulushu-aiaktady/
- Published: 2026-11-12T09:05:32.000Z
- Updated: 2026-11-12T09:05:32.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Коом

**Ош шаарындагы Сары-Зоо участкасында 528 окуучуга ылайыкталган заманбап мектептин курулушу толук аяктады. Жакынкы күндөрү мектепти пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги маалымдады.**

> Билдирүүгө ылайык, курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталып, республикалык бюджеттин жана Турукташтыруу фондунун эсебинен каржыланган.

Үч кабаттуу, беш блоктон турган мектепте окуу кабинеттеринен тышкары лаборатория, компьютердик класс, китепкана, ашкана, медициналык бөлмө, жыйындар залы жана спорт зал каралган.

Ошондой эле имаратка кубаттуулугу ****662,6 кВт** болгон күн панелдери орнотулган. Алар электр энергиясын үнөмдөөгө жана мектепти үзгүлтүксүз камсыздоого багытталган.

Курулуш-монтаждоо иштери Курулуш министрлигинин көзөмөлүндө жүргүзүлүп, объекттин сапаты текшерүүдөн өткөн.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/ce969984-eb30-42f7-baec-f17e9e6bccdb.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/cb82c120-52b5-4451-b47c-a481b7d8214c.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/dca5ccaf-0e01-4608-a2d9-0c54415eca65.webp)