> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Спорттук гимнастика боюнча эл аралык мелдеште Сайкал Мамашарипова эки медаль жеңип алды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/12/sporttuk-gimnastika-boiuncha-el-aralyk-meldeshte-saikal-mamasharipova-eki-medal-zhenip-aldy/
- Published: 2026-11-12T10:16:00.000Z
- Updated: 2026-11-12T10:15:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**2–7-ноябрь күндөрү Россиянын Новосибирск шаарында спорттук гимнастика боюнча "Олимпиада чемпиону Евгений Подгорныйдын байгелерине арналган" эл аралык мелдеш өттү.**

> Дене тарбия жана спорт департаменти билдиргендей, ага бир катар өлкөлөрдүн спортсмендери, анын ичинде Кыргызстандын өкүлдөрү да катышты.

Мелдештин жыйынтыгында Кыргызстандын спорттук гимнастика боюнча курама командасынын мүчөсү Сайкал Мамашарипова таянып секирүү боюнча **күмүш**, ал эми эркин көнүгүүлөр боюнча **коло** медалга ээ болду.

**Белгилей кетсек, 3-ноябрда Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу А.А. Айдарбеков мелдештин ачылыш аземине катышып, кыргызстандык гимнасттар жана машыктыруучулар менен жолугушту.* 

Жолугушууда спортсмендердин даярдыгы жана аларга колдоо көрсөтүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле спорттук гимнастика тармагында кызматташууну өнүктүрүү, спортсмендерди даярдоо жана тажрыйба алмашуу багытында эки тараптуу байланыштарды чыңдоо маселелери каралды.