> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте унаасын туура эмес жерге токтоткон 14 айдоочу айыпка жыгылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/13/bishkekte-unaasyn-tuura-emes-zherge-toktotkon-14-aidoochu-aiypka-zhygyldy/
- Published: 2026-11-13T10:22:36.000Z
- Updated: 2026-11-13T10:22:35.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери Биринчи май райондук муниципалдык администрациясы менен биргеликте жолдо рейд өткөрүштү.**

Биринчи май районунда өткөн рейдде унааларын токтотууга тыюу салынган жерлерге токтоткон айдоочуларга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин **188-беренесинин 1-бөлүгүнө** ылайык, **14 административдик протокол** түзүлдү. 

> Мэриянын маалыматына ылайык, эреже бузган айдоочуларга тиешелүү өлчөмдө айып пул салынды. 

Мындан тышкары, ээлери аныкталбаган **5 унаа айып короого** жеткирилди.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**