> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектеги көчө убактылуу жабылмай болду
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/13/bishkektegi-kocho-ubaktyluu-zhabylmai-boldu/
- Published: 2026-11-13T08:20:00.000Z
- Updated: 2026-11-13T08:20:00.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бишкектеги Махатма Ганди *(мурдагы Муромская)* жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде суу түтүктөрүн тартуу иштерине байланыштуу 14-ноябрдан 17-ноябрга чейин унаа кыймылы токтотулат.**

Белгиленген убакыт аралыгында тиешелүү кызматтар тарабынан суу түтүктөрүн тартуу жана курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлөт.

> "Жарандардан каттамдарын алдын ала пландап, убактылуу чектөөлөрдү эске алууну жана мүмкүнчүлүккө жараша альтернативдүү жолдорду пайдаланууну суранабыз", - дешти мэриядан. 

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**