> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектин 4 районунда айыл чарба жарманкеси өтөт
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/13/bishkektin-4-raionunda-aiyl-charba-zharmankesi-otot/
- Published: 2026-11-13T04:10:28.000Z
- Updated: 2026-11-13T04:10:27.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бишкек шаарынын төрт районунда дем алыш күндөрү айыл чарба жарманкелери өткөрүлөт.** 

> Айыл чарба министрлиги кабарлагандай, жарманкелерде ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрү өздөрү өндүргөн продукцияларды сунушташат.

Бул сатып алуучуларга керектүү азык-түлүктөрдү ортомчуларсыз, түздөн-түз жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн сатып алууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Жарманкелер ар аптанын ишемби жана жекшемби күндөрү төмөнкү даректерде өткөрүлөт:

- **Биринчи май району:** Т. Усубалиев атындагы эски аянт. Иштөө убактысы: саат 9:00дөн 17:00гө чейин;
- **Ленин району**: Тыналиев көчөсү, 38\. Абдулкерим Сатык Буурахан мечитинин батыш тарабында. Саат 9:00дөн 19:00гө чейин болот;
- **Октябрь району:** А. Токомбаев көчөсү, 21/1Б. Иштөө убактысы: саат 8:00дөн 18:00гө чейин;
- **Свердлов району**: Айтматов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде, ошондой эле Фере көчөсү, 33/1а дарегинде (мурдагы мал базардын аймагында). Саат 7:00дөн 15:00гө чейин өтөт.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**