> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ноокенде үч айылдагы 2,9 чакырым жол оңдолду
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/13/nookende-uch-aiyldagy-2-9-chakyrym-zhol-ondoldu/
- Published: 2026-11-13T04:55:00.000Z
- Updated: 2026-11-13T04:54:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Коом

**Ноокен районунун Д. Садырбаев айыл аймагындагы Апыртан, Арал жана Масы айылдарында капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн үч көчө пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Райондук мамлекеттик администрациядан билдиришти.**

> Маалымдалгандай, жаңыланган жолдордун ачылыш аземине аким Т. Ишенбеков катышып, айыл тургундарын куттуктады.

Аким өз сөзүндө жол инфраструктурасын жакшыртуу калктын жашоо сапатын жогорулатууда маанилүү экенин белгилеп, оңдоо иштерине салым кошкон тараптарга ыраазычылык билдирди. Ошондой эле мындай иштер мындан ары да улантыларын айтты.

Маалыматка ылайык, жалпы узундугу **2 935 мет**р болгон жолдор капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Анын ичинде:

- Апыртан айылындагы Ж. Эшенкулов көчөсүнүн **1 235 метри**;
- Арал айылындагы Назаров көчөсүнүн **1 040 метри**;
- Масы айылындагы К. Нурбаев көчөсүнүн **660 метри** жаңыланды.

Жолдордун оңдолушу аталган айылдардагы транспорт каттамын жакшыртып, тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/903698680_1619399059367767_2687453794414345763_n.png.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/903840590_1268708902144936_6869634431639287543_n.png.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/905599166_1846298886560996_6804753809834800775_n.png.jpeg)