> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто 467 миң сомдук алтын буюмдарын уурдоого шектелген кыз кармалды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/13/oshto-467-min-somduk-altyn-buiumdaryn-uurdoogo-shekelgen-kyz-karmaldy/
- Published: 2026-11-13T08:36:00.000Z
- Updated: 2026-11-13T09:44:13.000Z
- Author: Ishker media
- Tags: Коом

**Ош шаарында алтын буюмдарын уурдоого шектелген 2008-жылы туулган кыз кармалып, тергөө кызматына жеткирилди. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.**

> Маалыматка ылайык, шектүү Ноокат районунун Бел айыл аймагынын тургуну. Ал Ош шаарындагы Авиценна атындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде убактылуу жашап жүргөн.

Ал чогуу жашаган аялга таандык, жалпы баасы **467 миң 245 сомдук** алтын буюмдарын уурдаган деп шектелүүдө.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүгү менен тергөө амалдары жүргүзүлүп, окуянын жагдайлары такталууда.