> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Токтогул көчөсүндө велосипед жолу курулууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/13/toktogul-kochosundo-velosiped-zholu-kuruluuda/
- Published: 2026-11-13T07:24:07.000Z
- Updated: 2026-11-13T07:24:06.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бишкектин Токтогул көчөсүнүн Абдрахманов көчөсүнөн И. Айдарбеков көчөсүнө чейинки бөлүгүндө велосипед жолун уюштуруу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу 13-ноябрда мэриядан кабарлады.** 

> Маалым болгондой, "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы тарабынан жол белгилери чийилип, велосипед жолун негизги унаа жолунан бөлүп турган атайын бөлгүчтөр орнотулууда.

Бул иштер жол кыймылынын бардык катышуучуларынын коопсуздугун жогорулатууга, шаар ичинде жүрүүнү ыңгайлуу жана коопсуз кылууга, ошондой эле борбор калаада велосипед инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Бишкек шаарында жалпы узундугу **77 чакырымды** түзгөн велосипед жолдору бар.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**