> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жалган убада берип, жарандын 40 миң $ алган шектүү адам кармалды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/13/zhalgan-ubada-berip-zharandyn-40-min-algan-shektuu-adam-karmaldy/
- Published: 2026-11-13T09:46:00.000Z
- Updated: 2026-11-13T09:45:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**“Оштун жаңы базарынан 4 соода орун берем..." - деген убада менен 40 миң $ алдамчылык жолу менен алган жаран кармалды. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмү тарабынан бул алдамчылыкка шектелген жаран колго түшүрүлдү**.

> ИИМдин маалыматына ылайык, **2025-жылдын 24-июль күнү** Ош шаарынын Г. Айтиев көчөсүндө жайгашкан “Үч-Тал” кафесинде өзүн инвестор катары тааныштырган, тергөө учурунда өздүгү такталбаган “Амантур” аттуу жаран 1976-жылы туулган аялга Ош шаарындагы Б. Осмонов көчөсүндө жайгашкан “Жибек-Жолу” базарынын соода жүргүзүүгө ыңгайлуу “А” блогунун 12-катарынан **4 соода ордун** берүүнү **убада кылган**.

Бул үчүн ал аялдан **жалпы 40 000 $** алып, бирок убада кылынган соода орундарын бербестен, ишенимине кирүү жолу менен акча каражатын ээлеп алып, **изин жашырып кеткен.**

Аталган факты боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында **алдамчылыкка шектүү** катары Ош шаарынын 2003-жылы туулган тургуну **Р.А. кармалды.**

Учурда бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ош шаардык соту тарабынан шектүүгө карата бөгөт коюу чарасы каралып, ****эки ай мөөнөткө камакта кармоо** жөнүндө чечим кабыл алынган.

Мындан тышкары, учурда кармалган жарандын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу текшерилип, тергөө амалдары улантылууда.