> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чаткал районунан 10 мыкты окуучу Кытайга таанышуу сапарына жөнөп кетти
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/14/chatkal-raionunan-10-mykty-okuuchu-kytaiga-taanyshuu-saparyna-zhonop-ketti/
- Published: 2026-11-14T05:29:00.000Z
- Updated: 2026-11-14T05:29:00.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Коом

**"Кичи-Чаарат" ЖАКы окуучулардын билимге болгон кызыгуусун арттыруу жана дүйнө таанымын кеңейтүү максатында Кытай Эл Республикасына таанышуу сапарын уюштурду. Бул демилге 2025-жылы башталып, быйыл да улантылды. Бул тууралуу "Кичи-Чаарат" ЖАК билдирди.**

> Маалымдалгандай, 2026-окуу жылынын биринчи чейрегинин жыйынтыгы менен Чаткал районундагы Чакмак-Суу айылынан Ак-Таш айылына чейинки мектептерден окууда өзгөчө жетишкендиктерди көрсөткөн 10 окуучу тандалып алынды. Сапарга ар бир мектептен бирден окуучу катышууда. Аларды райондук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү, мугалим жана "Кичи-Чаарат" ЖАКынын координатору коштоп барышты.

Сапардын жүрүшүндө окуучулар Бээжин, Шанхай жана Үрүмчү шаарлары менен таанышып, Тяньаньмэнь аянтын, Тыюу салынган шаарды, Улуу Кытай дубалын, "Куш уясы»"стадионун жана "Суу кубу" комплексин көрүшөт. Ошондой эле Цинхуа жана Пекин университеттерине, Кытайдын Улуттук алтын казуу корпорациясына барышы пландалган.

Аталган сапар окуучуларга Кытайдын тарыхы, маданияты, билим берүү системасы жана тоо-кен тармагы менен жакындан таанышууга, жаңы тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк берет. "Кичи-Чаарат" ЖАКы мындай демилгелер аркылуу билимдүү жана келечекке умтулган жаштарды колдоону улантарын белгилейт.