> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто жаңы чек ара посту жана кызматтык үй ачылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/14/oshto-zhany-chek-ara-postu-zhana-kyzmattyk-ui-achyldy/
- Published: 2026-11-14T07:21:00.000Z
- Updated: 2026-11-14T07:20:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Коом

**Ош облусунда "Ынтымак" (Кемпир-Абад) чек ара постунун жана Чоң-Алай районундагы "Кара-Шыбак" чек ара заставасынын 20 батирлүү кызматтык турак үйүнүн ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.**

> Маалымдалгандай, иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү, чек арачылар жана жергиликтүү тургундар катышты. Салтанатка Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы онлайн форматта кошулду. 

Ачылуу аземинде "Ынтымак" стратегиялык маанидеги чек ара посту пайдаланууга берилип, республикалык бюджеттин эсебинен курулган ****20 батирлүү кызматтык үй** чек арачылардын үй-бүлөлөрүнө тапшырылды.

Аманкан Кенжебаев өз сөзүндө чек ара кызматынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана кызматкерлердин социалдык шарттарын жакшыртуу мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири экенин белгиледи. 

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/904115310_122232047750368081_2689307580737559360_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/903788680_122232047306368081_3876407808538460717_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/906946093_122232047312368081_3507213796140039402_n.jpg)