> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жалал-Абад облусунда эки унаа жолу убактылуу жабылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/14/zhalal-abad-oblusunda-eki-unaa-zholu-ubaktyluu-zhabyldy/
- Published: 2026-11-14T04:41:00.000Z
- Updated: 2026-11-14T04:40:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Коом

**Жалал-Абад облусунда күз-кыш мезгилине байланыштуу эки автомобиль жолунда кыймыл убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

> Маалыматка караганда, Чаткал районундагы Ала-Бука–Жаңы-Базар–Кировка унаа жолунун **180–215,7-чакырым аралыгына** тосмолор коюлуп, жол жабылды.

Мындан тышкары, Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун Жалал-Абад–Казарман–Сары-Кыр тилкесинин **357–443-чакырым аралыгы** 1-ноябрдан тартып убактылуу жабылган.

Министрлик айдоочуларды жолго чыгар алдында автожолдордун абалын тактап, сапарларын алдын ала пландаштырууга чакырат.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**