> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан экологиялык эл аралык кызматташтыгын кеңейтүүдө
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/15/kyrgyzstan-ekologiialyk-el-aralyk-kyzmattashtygyn-keneituudo/
- Published: 2026-11-15T10:36:00.000Z
- Updated: 2026-11-15T10:35:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Коом

**Кыргызстан Түрк мамлекеттери уюму жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен экологиялык кызматташтыкты өнүктүрүүдө. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлигинен кабарлашты.**

> Маалымдалгандай, бул маселе COP31 конференциясынын алкагында Түркиянын Анталья шаарында талкууланды. Анда министрдин орун басары Асель Раимкулова Түрк мамлекеттери уюмунун өкүлү Балаж Хендрих менен жолугушту.

Жолугушууда Баткен облусундагы 100 гектар деградацияланган жерди калыбына келтирүү, кургакчылык менен күрөшүү жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу маселелери каралды.

Ошондой эле Борбордук Азияда айлампа экономикасын өнүктүрүү боюнча сессияда Кыргызстандагы калдыктарды башкаруу, кайра иштетүү жана «Эко Оператор» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди.