> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто өрттөн үч өспүрүм каза болуп, үй ээси ооруканага жеткирилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/15/oshto-ortton-uch-ospurum-kaza-bolup-ui-eesi-oorukanaga-zhetkirildi/
- Published: 2026-11-15T07:45:00.000Z
- Updated: 2026-11-15T07:44:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Коом

**Бүгүн таңкы саат 04:42де Ош шаарындагы Уста Абдухалил көчөсүнүн №31 дарегинде жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынан кабарлашты.**

> Маалым болгондой, өрттү өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин **2 бөлүмү** жана **штаб** тартылган. Өрт саат 05:20да чектөөгө алынып, үйдүн ичинен 2013, 2016 жана 2018-жылы туулган үч баланын сөөгү табылган.

Ошондой эле үй ээси, 1991-жылы туулган эркек киши денесинин болжол менен **60 %ы** күйүк алып, ооруканага жеткирилген.

Өрт саат 07:57де толук өчүрүлгөн. Кырсыктын жалпы аянты 1**20 чарчы метрди** түзгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.