> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бир жумада 27 миңден ашык жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/16/bir-zhumada-27-minden-ashyk-zhol-erezhelerin-buzuu-faktylary-anyktaldy/
- Published: 2026-11-16T08:42:00.000Z
- Updated: 2026-11-16T08:41:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Өлкө аймагында бир жума ичинде (6-12-ноябрь) 27 233 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдирди.** 

**Алардын ичинен:**

- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - **673;**
- Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу - **373;**
- Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - **189;**
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - **621;**
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - **1 030;**
- Авто ээнбаштык -29;-Белгиленген ылдамдыктан ашуу - **1 269;**
- Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - **6**;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – **20 524;**

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн **2 519 авто унаа** убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.