> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек–Нарын–Торугарт жолунун 68-чакырымында жер алдындагы өтмөк курулууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/16/bishkek-naryn-torugart-zholunun-68-chakyrymynda-zher-aldyndagy-otmok-kuruluuda/
- Published: 2026-11-16T03:02:33.000Z
- Updated: 2026-11-16T03:02:32.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Коом

**Бишкек–Нарын–Торугарт стратегиялык маанидеги унаа жолунун 68-чакырымында, "Токмок-Автожол" (Дунларов атындагы) өткөрмө пунктунун аймагында жөө жүргүнчүлөр үчүн жер алдындагы өтмөктүн курулушу башталды. Бул тууралуу Транспорт минситрлигинен кабарлашты.**

> Маалымдалгандай, буга чейин аталган тилкеде унаалардын ылдамдыгы жогору болгондуктан, жолдон өтүүгө аргасыз болгон жөө жүргүнчүлөр үчүн кооптуу жагдайлар жаралып келген.

Жаңы өтмөктүн курулушу жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылууга, жол кырсыктарынын алдын алууга жана унаа кыймылынын үзгүлтүксүз жүрүшүнө багытталган.

Курулуш иштерин 15-ноябрда баштап, 15-декабрга чейин аяктоо пландалууда. Долбоор Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин каржылоосу менен ишке ашырылууда.

Айдоочулардан жана жөө жүргүнчүлөрдөн курулуш жүрүп жаткан аймакта жол белгилерине көңүл буруп, коопсуздук эрежелерин сактоо өтүнүлөт.