> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте көмүр канча сомдон сатылууда?
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/16/bishkekte-komur-kancha-somdon-satyluuda/
- Published: 2026-11-16T11:16:00.000Z
- Updated: 2026-11-16T11:15:59.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Коом

**Бишкек шаардык мэриясы калаадагы 4 райондо көмүр базалары үзгүлтүксүз иштеп жатканын эскертти.** 

> Белгилегендей, тиешелүү кызматтар көмүр базаларындагы отундун көлөмүнө туруктуу мониторинг жүргүзүп, белгиленген баалардын сакталышын көзөмөлдөп турушат.

Төмөндө көмүрдүн запастары, баалары тууралуу айтылды:

**Свердлов районунда**  9 көмүр базасы иштеп жатат. Көмүрдүн жалпы запасы **7 361 тоннаны** түзөт. 

Учурда "Кара-Кече" көмүрүнүн бир тоннасы **7 000 сомдон**, ал эми "Шабыркүл" көмүрү **7 800 сомдон** сатылууда.

**Биринчи Май районунда** 9 туруктуу көмүр базасы иш алып барууда. Бүгүнкү күнгө карата көмүрдүн жалпы калдыгы **1 184,69 тоннаны** түзөт.

"Кара-Кече" көмүрүнүн бир тоннасы **7 000–7 200 сомдон**, "Миң-Куш" көмүрү **8 000 сомдон**, "Шаргунь" көмүрү **7 600 сомдон** сатылууда. 

Айрым базалардан "Шарбон" маркасындагы көмүрдү да кап менен сатып алууга болот. Бир каптын баасы — **300 сом**.

**Октябрь районунда** калкка "Кара-Кече" көмүрү сунушталып, анын бир тоннасы **7 000 сомдон** сатылууда. Райондогу көмүр базаларында отундун жалпы запасы **1 017 тоннаны** түзөт.

**Ленин районунда** 13 көмүр базасы иштеп жатат. Көмүрдүн жалпы запасы болжол менен 6 500 тоннаны түзөт. 

"Кара-Кече" жана "Миң-Куш" көмүрлөрүнүн бир тоннасы **7 000 сомдон**, ал эми "Шабыркүл" көмүрү **7 800 сомдон** сатылууда.

**Көмүр базаларынын даректери менен төмөнкү* [**шилтеме*](https://www.bishkek.gov.kg/ky/post/34474) *аркылуу таанышууга болот.*

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**