> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте дем алыш күндөрү милицияга 260тан ашуун жаран жеткирилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/16/bishkektegi-reidde-militsiiaga-260tan-ashuun-zharan-zhetkirildi/
- Published: 2026-11-16T07:27:00.000Z
- Updated: 2026-11-16T07:26:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Өткөн дем алыш күндөрү Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөштү. Бул тууралуу 16-ноябрда Бишкек ШИИББинен билдирди.** 

> Маалыматка ылайык, аталган мезгил аралыгында ар кандай укук бузуулардын жагдайларын тактоо үчүн райондук ички иштер башкармалыктарына **260тан ашуун** жаран жеткирилди.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан укук бузуулар боюнча **3200дөн ашуун** протокол түзүлдү. Анын ичинен **107 протокол** транспорт каражаттарын мас абалында башкарган айдоочуларга карата толтурулду. 

Ошондой эле **590дон ашуун** автоунаа жана мототранспорт каражаттары атайын айып короолорго киргизилди. Белгиленбеген жерлерде тамеки чеккендиги үчүн **14 протокол** түзүлдү. Мындан тышкары, **20дан ашык** кылмыштын бети ачылды. 

Ар кандай укук бузууларды жасагандыгы үчүн соттун чечимдеринин негизинде Бишкек шаарынын ИИББнын Коомдук коопсуздук кызматынын атайын кабыл алуу жайына **30дан ашуун** жаран киргизилди.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**