> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Борбор калаада 6 миң түп дарак отургузулду
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/16/borbor-kalaada-6-min-tup-darak-oturguzuldu/
- Published: 2026-11-16T06:25:00.000Z
- Updated: 2026-11-16T06:24:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бишкек шаарынын Манас көчөсүндө жашылдандыруу акциясынын алкагында 6 миң түп дарак отургузулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.** 

Иш-чарага калаа мэри Айбек Жунушалиев, Жогорку Кеңештин, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жана шаар тургундары катышты. 

> Маалым болгондой, бир тилкеге бир убакта бийиктиги **3 метрден 6 метрге** чейинки **6 миң түп** көчөт отургузулду. 

Алардын ичинен **5 263ү — гибрид** терек, **700ү — тал** жана **37си** — алма дарагы.

Жаңы отургузулган көчөттөрдү өз убагында сугаруу үчүн автоматтык сугат системасы орнотулду. Мындан тышкары, кошумча көп жылдык бадалдар жана гүлдөр отургузулат.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө карата шаарда жалпы **30 миң түп дарак** отургузулду. Мындан тышкары, жыл аягына чейин дагы эки жолу дарак отургузуу акциясын өткөрүү пландалууда.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**