> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Боз-Учук – Шахта – Жыргалаң жолунун курулуш иштери 62% бүттү
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/16/boz-uchuk-shakhta-zhyrgalan-zholunun-kurulush-ishteri-62-buttu/
- Published: 2026-11-16T12:17:57.000Z
- Updated: 2026-11-16T12:17:56.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Коом

**Ысык-Көл облусундагы Боз-Учук – Шахта – Жыргалаң унаа жолунун 14,5 чакырым бөлүгүндө курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасы билдирди.**

> Ишкана маалымдагандай, учурда жер жумуштарынын 62 %ы аткарылды. Жолдун негизги бөлүгүндө суу өткөрүүчү түтүктөр жана тирөөч дубалдар орнотулуп, **700 метр** аралыкка асфальттын биринчи катмары төшөлдү. Курулушка **100дөн ашык** атайын техника жана **130 жумушчу** тартылган.

Белгилей кетсек, аталган жол Жыргалаң өрөөнүнө жана "Ала-Тоо Резорт" тоо лыжа курортуна баруучу негизги каттамдардын бири.

Долбоор аяктагандан кийин туристтик аймактарга жетүү жеңилдеп, жол кыймылынын коопсуздугу жана транспорттук шарттар жакшырат. 

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**