> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чаткалда алтынды мыйзамсыз казууга байланыштуу төрт адам кармалды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/16/chatkalda-altyndy-myizamsyz-kazuuga-bailanyshtuu-tort-adam-karmaldy/
- Published: 2026-11-16T07:43:00.000Z
- Updated: 2026-11-16T07:42:59.000Z
- Author: Ishker media
- Tags: Коом

**ИИМ Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда кызмат адамдарынын калкалоосу астында алтынды мыйзамсыз казып алуу жана сатуу схемасын аныктады. Бул иш боюнча район акими, милиция бөлүмүнүн башчысы жана дагы эки жаран кармалды.** 

> ИИМдин маалыматына караганда, 2026-жылдын ноябрь айынын башынан тартып Куру-Тегерек тилкесинде лицензиясыз алтын казуу иштери жүргүзүлгөн. Бул үчүн атайын техникалар жана алтын жуучу жабдуулар колдонулган.

Мыйзамсыз казылып алынган алтындар сатылып, түшкөн каражаттардын бир бөлүгү район акими менен милиция бөлүмүнүн башчысына которулуп турганы аныкталган.

Кармалгандарга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.

Учурда тергөө иштери уланып, мыйзамсыз ишмердүүлүккө тиешеси бар башка адамдар аныкталууда.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/907879005_1454447096109263_1589352888022673570_n.png.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/912502982_1543435784263222_7407525007974698826_n.png.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/913811177_1793104435242262_8902948908039326969_n.png.jpeg)