> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Каржы пирамидаларын уюштургандарга жазаны катаалдаштыруу сунушталууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/16/karzhy-piramidalaryn-uiushturgandarga-zhazany-kataaldashtyruu-sunushtaluuda/
- Published: 2026-11-16T12:36:00.000Z
- Updated: 2026-11-16T12:35:59.000Z
- Author: Ishker media
- Tags: Коом

**Каржы пирамидаларын уюштургандарга жана аны жарнамалагандарга жазананы катаалдаштыруу сунушталууда. Жогорку Кеңештин депутаттары Нурбек Сыдыгалиев, Акылбек Түмөнбаев, Улукбек Узакбаев жана Эркинбек Исеналиев иштеп чыккан мыйзам долбоору парламенттин сайтындагы коомдук талкууга коюлду.**

> Документте каржы пирамидасын же алдамчылык инветициялык схемасын түзгөндөрдү, аны жетектегендерди, жарнамалагандарды же мамлекеттик каттоого кирбей туруп жарандардын акчасын, мүлкүн жана виртуалдык активдерин тарткан окутуу семинарларын же курсттарды уюштургандарды **5 жылдан 7 жылга** чейин абакка кесүү каралган. 

Ошондой эле алдамчылык каржы схемаларын маалымат каражаттары, социалдык тармактар аркылуу жарнамалагандарга **30000ден 50000 сомго** чейин айыпка жыгуу же **3 жылдан 5 жылга** чейин эркинен ажыратуу сунушталууда. 

Эгерде кылмыш адамдардын тобу тарабынан жасалса, анда айыпталуучулар ****7 жылдан 10 жылга** чейин абакка кесилмекчи. Ал эми алдамчылык уюшкан топ тарабынан жасалган учурда жаза мөөнөтү ****10 жылдан 12 жылга** чейин каралган.

Долбоордо мындай ишке катышкан адам өз ыктыяры менен кылмыш бетин ачууга көмөктөшүп, келтирилген зыяндын ордун толтурса, анда кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулары жазылат. Бирок бул жеңилдик каржы пирамидасынын уюштуруучусуна берилбейт. Мындан тышкары, билбестен эле адамдарды каржы пирамидасына акча салууга үндөгөн жарандар да жазадан кутулат.

Ошондой эле документ күмөндүү финансылык операцияларды соттун чечимисиз **48 саатка** чейин токтотуу, инвестициялык уюмдардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүү жана алдамчылык интернет-ресурстарды бөгөттөөнү сунуштайт.