> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда жылына 2 миң гектардан ашык аянтта токойлорду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/16/kyrgyzstanda-zhylyna-2-min-gektardan-ashyk-aiantta-tokoilordu-kalybyna-keltiruu-ishteri-zhurguzulot/
- Published: 2026-11-16T04:50:24.000Z
- Updated: 2026-11-16T04:50:23.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Ысык-Көл облусундагы Тон токой чарбасынын ишмердүүлүгү жана көчөтканасынын абалы менен жеринен таанышты.**

> Министрликтен билдиргендей, министр ал жерде көчөттөрдүн абалын көрүп, токой чарбасында өстүрүлүүчү көчөттөрдүн түрлөрүн көбөйтүү, алардын сапатын жакшыртуу жана өстүрүү технологияларын өркүндөтүү зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле токой чарбасынын ишин натыйжалуу уюштуруу, өздүк кирешесин көбөйтүү жана материалдык-техникалык базасын чыңдоо маселелерине көңүл бурду.

**Акыл Токтобаев алдыдагы жазгы токой отургузуу мезгилине сапаттуу даярдык көрүү, көчөттөрдү өз убагында даярдоо жана токойду калыбына келтирүү иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча тиешелүү жетекчилерге бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.*

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жыл сайын **2 миң гектардан** ашык аянтта токой өстүрүү жана токойлорду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт. 

Анын алкагында өлкө боюнча **1 миллионго** жакын көчөт отургузулуп, мамлекеттик токой фондунун аймактарында **3 миң килограммга** жакын токой үрөнү себилет.