> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# МИК аркылуу батир алууга катталуу канча сом турат?
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/16/mik-arkyluu-batir-aluuga-kattaluu-kancha-som-turat/
- Published: 2026-11-16T06:56:00.000Z
- Updated: 2026-11-16T06:55:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Коом

**Мамлекеттик ипотекалык компанияга (МИК) кезекке туруу үчүн жарандардан 235 сом, ал эми үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү үчүн 212 сом төлөм алынат. Бул тууралуу компаниядан билдиришти.**

> Маалыматка караганда, **235 сом** кезекке турууну каалаган жаран үчүн белгиленген. Ал эми анын үй-бүлө мүчөлөрү, тактап айтканда, жубайы жана 18 жашка чейинки балдары үчүн ар бирине **212 сомдон** төлөнөт.

Негизги төлөмдүн **235 сомдук** бөлүштүрүлүшү төмөнкүдөй:

- 212 сом — кадастр кызматы үчүн;
- 3 сом — паспорттук маалыматтар кызматын көрсөтүү үчүн;
- 20 сом — мобилдик оператордун SMS-билдирүү кызматы үчүн.

Белгилей кетсек, бул төлөмдөр Мамлекеттик ипотекалык компаниянын бюджетине түшпөйт. Каражаттар тиешелүү кызматтарды көрсөткөн мекемелердин эсебине которулат.