> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Новопавловкада таза суу убактылуу өчүрүлөт
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/16/novopavlovkada-suu-ubaktyluu-ochurulot/
- Published: 2026-11-16T13:15:00.000Z
- Updated: 2026-11-16T13:14:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**19-ноябрда саат 10:00дөн 20:00гө чейин Новопавловканын айрым аймактарында таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.** 

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет: Ворошилов – Абакан – Крупская – Степная – Северная – Усупбаев – Көк-Кыя көчөлөрү.

> Маалыматка ылайык, суу берүү №118 мектеп-гимназиясынын жаңы имаратындагы диаметри 100 мм болгон түтүктө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу токтотулат.

"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы жашоочуларды, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап коюуну суранат.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**