> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош шаарында эки заманбап асма жол куруу пландалууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/16/osh-shaarynda-eki-zamanbap-asma-zhol-kuruu-plandaluuda/
- Published: 2026-11-16T04:28:00.000Z
- Updated: 2026-11-16T04:27:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Коом

**Ош шаарында туристтик потенциалды жогорулатуу максатында эки заманбап асма жол куруу демилгеси көтөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.**

> Маалым болгондой, долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо үчүн шаарга Австриянын "Doppelmayr", Франциянын "Ammandy" жана Кытайдын курулуш компанияларынын өкүлдөрү келишти.

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев чет элдик адистер жана тиешелүү муниципалдык кызматтардын жетекчилери менен көчмө жыйын өткөрүп, асма жолдордун курулушу пландалган аймактарды жеринен көрүп чыкты.

Алдын ала долбоорго ылайык, биринчи асма жол шаардын түштүк-чыгыш тарабындагы Юго-Восток кичи районунан Ак-Буура дарыясын бойлой Навои атындагы сейил бакка чейин тартылышы мүмкүн. Экинчи асма жолду Керме-Тоо тоосунан баштоо сунушталууда.

Учурда долбоор боюнча сүйлөшүүлөр жана техникалык тактоо иштери жүргүзүлүүдө. Даярдык жана макулдашуу жараяндары аяктагандан кийин, курулуш иштерин келерки жылдын жаз айларында баштоо пландалууда.

Демилге ишке ашса, Ош шаарынын туристтик инфраструктурасын кеңейтүүгө жана эс алуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө шарт түзүлөт.