> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 24 жарандын 1,9 млн сом эмгек акысын бербей койгон эки шектүү кармалды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/17/24-zharandyn-1-9-mln-som-emgek-akysyn-berbei-koigon-eki-shektuu-karmaldy/
- Published: 2026-11-17T08:58:00.000Z
- Updated: 2026-11-17T08:57:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Коом

**Ош облусунун Кара-Суу районунда курулушта иштеген 24 жарандын эмгек акысын төлөбөй койгон коңшу өлкөнүн эки жараны кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициядан билдиришти.**

> Маалыматка ылайык, шектүүлөр Туратали базарындагы соода борборунун курулушуна жергиликтүү тургундарды жумушка тартып, иш аяктагандан кийин акысын ар кандай шылтоолор менен бербей коюшкан.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Кармалган эки жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Жабырлануучуларга келтирилген зыяндын көлөмү болжол менен ****1 млн 920 миң сомду** түзөт.

Учурда тергөө иштери уланууда.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/910627212_2796377830777750_1319512122171816162_n.png.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/916246881_1123337993777367_4126494577695161156_n.png-2.jpeg)