> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Аңчылыктын аякташына 1 айга жетпеген убакыт калды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/17/anchylyktyn-aiaktashyna-1-aiga-zhetpegen-ubakyt-kaldy/
- Published: 2026-11-17T10:15:46.000Z
- Updated: 2026-11-17T10:15:45.000Z
- Author: Ishker media
- Tags: Коом

**Жаратылыш министрлиги быйыл мыйзамдуу аңчылыкка 15-августтан 13-декабрга чейинки аралыкка уруксат берилгенин маалымдады.**

> Мекеме бирок бул убакыттын ичинде жаныбарлардын жана канаттуулардын түрлөрүнө аңчылык кылуунун мөөнөттөрү ар башка каралганын билдирди. Жыл сайын жапайы жаныбарларды олжолоого 150 башка чейин лимит берилет.

Министрлик белгилегендей, мыйзамдуу аңчылык кылуу үчүн мергенчилик күбөлүгү, жолдомо жана тиешелүү уруксат берүүчү документтер талап кылынат.

Эгерде мыйзамсыз ак илбирсти атса, анда ****2 млн сом** айып салынат. Ошондой эле аркар-кулжа, марал жана күрөң аюу үчүн ****1,5 млн сом**, ал эми сибирь тоо текеси үчүн ****300 миң сом** айып пул чегерилет.