> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте кайсы курулуш объектилери текшерилди?
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/17/bishkekte-kaisy-kurulush-obektileri-teksherildi/
- Published: 2026-11-17T13:41:00.000Z
- Updated: 2026-11-17T13:40:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан курулуш объекттеринде рейддик иш-чаралар системалуу жүргүзүлүүдө.** 

> Мекемеден кабарлагандай, рейддин жүрүшүндө "нөл цикли" аяктаганга чейин курулуш объектилерин жарнамалоого жана турак жайларды сатууга тыюу салынган[ буйруктун ](https://im.kg/koom/2026/11/04/olkodo-paidubaly-tuptolo-elek-uilordon-batir-satuuga-tyiuu-salyndy/)аткарылышы текшерилүүдө.

**Анын алкагында төмөнкү курулуш объектилери каралды:**

- Сүйүмбаев көчөсү 61;
- Осмонкул көчөсү 78, 80;
- Сыдыков көчөсү 82 жана 9а даректеринде 12 кабаттуу турак үйдүн курулушу - подрядчы "Аслан Строй" ЖЧКсы;
- Граждан көчөсү 63 дарегиндеги 9 кабаттуу турак үйдүн курулушу - "Миран" ЖЧКсы;
- Ленин проспектиси 26 дарегиндеги 10 кабаттуу турак үйдүн курулушу - "Осмон Строй" ЖЧКсы (Лебединов айылы).

Бишкек шаардык мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы министрликтин буйругунда белгиленген талаптарды жана берилген эскертүүлөрдү өз убагында аткаруу зарылдыгын эскертет. 

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**