> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектеги бир катар үйлөрдө жылуулук жана ысык суу өчүрүлдү
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/17/bishkektegi-bir-katar-uilordo-zhyluuluk-zhana-ysyk-suu-ochuruldu/
- Published: 2026-11-17T10:53:12.000Z
- Updated: 2026-11-17T10:53:12.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Коом

**Бишкектеги жылуулук тармагында катталган бузулууну жоюу иштерине байланыштуу бүгүн бир катар турак үйлөргө жылуулук жана ысык суу берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.**

Жылуулук жана ысык суу берүү төмөнкү даректерде токтотулган:

- Панфилов көчөсү № 124, 145, 151, 153;
- Логвиненко көчөсү № 3в;
- Чүйков көчөсү № 125;
- Панфилов көчөсү № 130, 132, 147/2, 149, 149а;
- Чүйков көчөсү № 110.

> Маалыматка караганда, оңдоо иштерин бүгүн күн ичинде аяктоо пландалууда. Бузулуу толук жоюлгандан кийин жылуулук жана ысык суу берүү кайра калыбына келтирилет.

"Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы шаар тургундарынан убактылуу жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.