> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Депутаттар Кочкордогу чокуга Ормон хандын ысымын ыйгарууну жактырышты
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/17/deputattar-kochkordogu-chokuga-ormon-khandyn-ysymyn-yigaruunu-zhaktyryshty/
- Published: 2026-11-17T10:01:00.000Z
- Updated: 2026-11-17T10:00:59.000Z
- Author: Ishker media
- Tags: Коом

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин бүгүнкү жыйынында Нарындын Кочкор районундагы 4378,5 метр бийиктиктеги чокуга Орман хандын ысымын ыйгаруу маселеси каралды. Чоку Кум-Дөбө айыл аймагында жайгашкан. 

> Отурумда баяндама жасаган мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча агенттиктин директору Элчибек Жаантаев долбоор президенттин сунушу менен иштелип чыкканын айтты. 

Жыйынтыгында депутаттар аталган чокуну Ормон хандын атын менен атоо боюнча министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырышты.