> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Испанияда 22 өлкөнүн кесиптик бирлик уюмдарынын өкүлдөрү чогулушту
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/17/ispaniiada-22-olkonun-kesiptik-birlik-uiumdarynyn-okuldoru-chogulushtu/
- Published: 2026-11-17T05:48:00.000Z
- Updated: 2026-11-17T05:47:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Испаниянын борбору Мадрид шаарында Коомдук тейлөө кесиптик бирликтеринин Европа федерациясынын жаштар тармагынын эл аралык жолугушуусу (EPSU Youth Network Meeting) болуп өттү. Бул тууралуу КРнын Саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик бирлигинен кабарлады.** 

> Ал Европанын жана Борбордук Азиянын **22 өлкөсүнүн** кесиптик бирлик уюмдарынын өкүлдөрүн бириктирди.

Бул иш-чарада Кыргызстанды Саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин коомчулук менен байланыш жана жаштар саясаты боюнча башкы адиси Мира Нурланова тааныштырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мира Нурланова Кыргызстандын кесиптик бирлигинин жаштар багытындагы ишмердүүлүгү боюнча бет ачар жасап, өлкөдө жаш адистерди кесиптик бирлик кыймылына тартуу, алардын демилгелерин колдоо жана кесиптик бирлик лидерлеринин жаңы муунун калыптандыруу боюнча жигердүү иштер жүрүп жатканын баса белгиледи.

> Ал өз сөзүндө жаштардын акы төлөнүүчү такшалма маселесине өзгөчө көңүл буруп, жаш адистердин кесиптик жактан калыптанышына, практикалык тажрыйба топтоосуна жана эмгегине адилеттүү акы төлөнүшүнө татыктуу шарттарды түзүү зарылдыгын белгиледи.

Жолугушуунун катышуучулары ошондой эле эмгек жана социалдык укуктарды коргоо, татыктуу эмгек акы, жумуш орундарынын сапаты, санариптештирүү, социалдык диалогду өнүктүрүү жана эл аралык кесиптик бирлик тилектештигин бекемдөө маселелерин талкуулашты.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**