> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан AFoCO менен токой чарбасын өнүктүрүү боюнча кызматташат
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/17/kyrgyzstan-afoco-menen-tokoi-charbasyn-onukturuu-boiuncha-kyzmattashat/
- Published: 2026-11-17T03:46:00.000Z
- Updated: 2026-11-17T03:45:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Коом

**Кыргызстан Азия өлкөлөрүнүн токой тармагындагы кызматташтык уюму (AFoCO) менен өнөктөштүгүн кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министринин орун басары Асель Раимкулованын уюмдун аткаруучу директору Пак Чонгхо менен болгон жолугушуусунда белгилүү болгондугун министрликтин маалымат кызматы кабарлады.**

> Маалым болгондой, жолугушуу БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптарынын 31-конференциясынын алкагында өткөн. Анда токой ресурстарын туруктуу башкаруу, токой экосистемаларын калыбына келтирүү жана өлкөдө токой чарбасын өнүктүрүү маселелери талкууланган.

Тараптар Жалал-Абад облусунда заманбап токой питомниктеринин комплексин түзүү долбооруна өзгөчө көңүл бурушкан. Долбоор ишке ашса, жылына ****2–3 миллионго чейин** сапаттуу көчөт өстүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул демилге "Жашыл Мурас" улуттук программасын да колдоого багытталган.

Мындан тышкары, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашкан айыл чарбасын өнүктүрүү, агротокой чарбасын жайылтуу жана жерди аралыктан зонддоо технологияларын колдонуу маселелери каралган.

Ошондой эле Асель Раимкулова тоолуу жана жайыт аймактарындагы жамааттардын климаттык туруктуулугуна арналган пленардык талкууга катышкан. Анда суу ресурстарынын өзгөрүшү, жайыттардын деградациясы жана табигый кырсыктардын көбөйүү коркунучу талкууланган.

Кыргыз тарап эрте эскертүү системаларын өнүктүрүү, кооптуу жаратылыш процесстерине мониторинг жүргүзүү жана жергиликтүү калктын өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын жогорулатуу зарылдыгын белгилеген.