> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарында селден коргоо үчүн дамбалар курулду
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/17/narynda-selden-korgoo-uchun-dambalar-kuruldu/
- Published: 2026-11-17T09:26:40.000Z
- Updated: 2026-11-17T09:26:40.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Коом

**Нарын шаарында сел сууларынын агымын азайтып, кум-шагылдын жайылышына бөгөт коюу максатында габион торчолорунан дамбалар курулду. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.**

Калаа башчысы Жылдызбек Беккелдиев курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, бул объектилер тургундардын коопсуздугун камсыздоого багытталганын белгиледи.

> Маалыматка ылайык, Чоң-Чыргайлуу жана Суу сактагыч коктуларында жалпысынан төрт дамба жана селкана курулган.

Долбоордун алкагында Көтөрмө, Чоң-Чыргайлуу, Ленин, Рыскулов жана Ботанический сад көчөлөрүндөгү жалпы **91 турак үйдү** сел коркунучунан коргоо каралган.

Бул иштер Нарын шаардык мэриясы жана Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатуу программасы тарабынан ишке ашырылууда.