> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өлкөгө ак кантты ташып киргизүүгө 6 айлык тыюу салынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/17/olkogo-ak-kantty-tashyp-kirgizuugo-6-ailyk-tyiuu-salyndy/
- Published: 2026-11-17T04:14:00.000Z
- Updated: 2026-11-17T04:13:59.000Z
- Author: Ishker media
- Tags: Коом

**Өлкө аймагына ак кантты ташып киргизүүгө 6 айлык мөөнөткө тыюу салууну киргизүү жөнүндө Министрлер кабинетинин токтому кабыл алынды. Тиешелүү чечимге өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кечээ күнү кол койгон.**

> Маалыматта мындай чектөө ак кантты өлкө аймагы аркылуу башка мамлекеттерге ташууга, канттын "экстра" сортуна тиешеси жок экени айтылат.

Министрлер кабинети ак кантты мыйзамсыз ташып келүүдө бөгөт коюуга багытталган чараларды көрүү боюнча мамлекеттик органдарга жана ведомстволорго тапшырмалар берилгенин белгилейт. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.