> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош шаарындагы Абдыкадыров көчөсүнө 70 түп сирень отургузулду
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/17/osh-shaaryndagy-abdykadyrov-kochosuno-70-tup-siren-oturguzuldu/
- Published: 2026-11-17T12:31:00.000Z
- Updated: 2026-11-17T12:30:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Коом

**Ош шаарынын Р. Абдыкадыров көчөсүнө 70 түп сирень бадалы отургузулууда. Жашылдандыруу ишине шаар мэри Жанарбек Акаев да катышты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.**

> Маалымдалгандай, иш-чарага тиешелүү муниципалдык кызматтардын жетекчилери жана жашылдандыруу тармагынын кызматкерлери тартылган.

Сирендин бийиктиги 2 метрден 5 метрге чейин жетип, май-июнь айларында 3–4 жума гүлдөйт.

Жашылдандыруу иштери шаар аймагын көрктөндүрүү, көчөлөрдүн эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу жана тургундар үчүн жагымдуу чөйрө түзүү максатында жүргүзүлүүдө.