> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өзбекстанда канча кыргыз жашайт?
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/17/ozbekstanda-kancha-kyrgyz-zhashait/
- Published: 2026-11-17T11:50:00.000Z
- Updated: 2026-11-17T11:59:22.000Z
- Author: Ishker media
- Tags: Коом

**Өзбекстанда 219 000 этникалык кыргыз жашайт. Бул тууралуу Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчиси Дүйшөнкул Чотонов Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин бүгүнкү жыйынында билдирди.**

Ал Өзбекстан акыркы 35 жылдан кийин эл катоо жүргүзгөн, айтылган сан так маалымат экенин белгиледи. Элчи өз сөзүндө этникалык кыргыздардын балдарын кыргыз тилинде билим алуусу жеткиликтүү экенин кошумчалады.

> "Мен Өзбекстандагы кыргыз тилдүү 3-4 мектепке баргам. Коңшу өлкө бардык жагынан өзү каржылап, биз тараптан жардам сурабайт. Анжияндагы кыргыз тилин окуткан факультетте мцугалимдердин жетишпестик көйгөйү гана бар", - деди Чотонов.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**