> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сузакта "Көк-Жаңгак" көмүр кениндеги мыйзамсыз казуу иштери токтотулду
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/17/suzakta-kok-zhangak-komur-kenindegi-myizamsyz-kazuu-ishteri-toktotuldu/
- Published: 2026-11-17T03:31:00.000Z
- Updated: 2026-11-17T03:30:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Коом

**Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы "Көк-Жаңгак" көмүр кенинин "Түлөк" участогунда мыйзамсыз көмүр казуу жана сатуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу "Кыргызкөмүр" ААК билдирди.**

> Маалыматка караганда, ишкананын "Түштүк" филиалынын өкүлдөрү Маркай айылына барып, кендин аймагында текшерүү жүргүзүшкөн. Анын жүрүшүндө айрым жарандар лицензиялык тилкеде жана ага чектеш аймактарда мыйзамсыз көмүр казып, сатып жатканы белгилүү болгон.

Мыйзамсыз казуу иштерин токтотуу максатында Сузак райондук администрациясынын, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда түшүндүрүү жана эскертүү иштери жүргүзүлгөн.

Натыйжада мыйзамсыз көмүр казылып жаткан жайларды жабуу жана бул иштерди токтотуу боюнча чаралар көрүлгөн.

Адистер мындай мыйзамсыз аракеттер техникалык коопсуздукка коркунуч жаратып, адам өмүрүнө жана айлана-чөйрөгө зыян келтириши мүмкүн экенин эскертишет.