> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балык уулоого үч жылдык чектөө киргизилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/17/ysyk-koldo-zhana-son-koldo-balyk-uuloogo-uch-zhyldyk-chektoo-kirgizildi/
- Published: 2026-11-17T04:29:00.000Z
- Updated: 2026-11-17T04:28:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Коом

**Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балык запастарын сактоо жана көбөйтүү максатында балык уулоого уруксат берүү үч жылга убактылуу токтотулат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.**

> Билдирүүгө караганда, тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Чектөө жасалма балык өстүрүү, ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо, илимий изилдөөлөр жана башка атайын иштерге тиешелүү эмес.

Мораторий учурунда көлдөргө Ысык-Көл форели, сиг-лудога жана карп-сазан балыктарын жасалма көбөйтүү иштери жүргүзүлөт. Ошондой эле Соң-Көлдө балыктардын айрым түрлөрүнүн санын жөнгө салуу каралган.

Токтом расмий жарыялангандан **10 күн өткөн соң** күчүнө кирет. Толук маалымат көрсөтүлгөн шилтемеде: <https://www.gov.kg/ky/npa/s/4847>