> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жеңиш чокусунда калган Наталия: Аварияга учураган тик учактын чыгымы төлөндү
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/17/zhenish-chokusunda-kalgan-nataliia-avariiaga-uchuragan-tik-uchaktyn-chygymy-tolondu/
- Published: 2026-11-17T11:24:00.000Z
- Updated: 2026-11-17T11:23:59.000Z
- Author: Ishker media
- Tags: Коом

**Жогорку Кеңештин депутаты Улан Бакасов былтыр август айында Ысык-Көлдөгү Жеңиш чокусунда калган альпинист Наталия Наговицынаны куткаруу аракетин көрүүдө аварияга учураган тик учактын тагдырына кызыкты.**

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев аварияга учураган тик учактын орду каржылык сумма менен толтурулганын айтты.

> "Тик учак коргоо министрлигине тиешелүү болчу. Анын (ред...: Наговицына) камсыздандыруусу бар экен. Жакында камсыздандыруу уюму төлөп берди", - деди ал парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында.

Бирок министр өндүрүлгөн сумманын көлөмүн ачыктаган жок.