> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жогорку Кеңештин депутаты дүйнө чемпиондугунда коло байге тагынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/17/zhogorku-keneshtin-deputaty-duino-chempiondugunda-kolo-baige-tagyndy/
- Published: 2026-11-17T05:09:11.000Z
- Updated: 2026-11-17T05:10:34.000Z
- Author: Ishker media
- Tags: Коом

**Жогорку Кеңештин депутаты Бекмурза Эргешов шотокан каратэ-до боюнча XV дүйнө чемпиондугунда коло медаль жеңип алды.**

> Парламенттин маалымат кызматы кабарлагандай, дүйнө биринчилиги 9-15-ноябрь күндөрү Түркиянын Анталия шаарында өткөн. Мелдеште 47 өлкөдөн келген 1140 спортчу жеке ката, кумитэ, командалык ката жана командалык кумитэ дисциплиналары боюнча күч сынашкан.

Аталган биринчиликте өлкө намысын 55 спортчу коргогон. Эл өкүлү Эргешов 40 жаштан жогорку спортчулар арасында якусоку кумитэ дисциплинасы боюнча катышкан. Жалпысынан кыргызстандык спортчулар 2 алтын, 5 күмүш жана 8 коло медаль жеңип, жалпы командалык эсепте 11-орунду камсыздашкан.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**