> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Афганистандан келген 22,5 тонна бадыраң өлкөгө киргизилген жок
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/18/afganistandan-kelgen-22-5-tonna-badyran-olkogo-kirgizilgen-zhok/
- Published: 2026-11-18T07:37:00.000Z
- Updated: 2026-11-18T07:36:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Коом

**Афганистандан Кыргызстанга ташылып келе жаткан 22,5 тонна бадыраң фитосанитардык талаптарга жооп бербегендиктен, өлкөгө киргизилбей, кайра артка кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.**

> Министрликке караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин маалыматына ылайык, текшерүү Жалал-Абад облусундагы "Кең-Сай" фитосанитардык көзөмөл пунктунда жүргүзүлгөн.

Анда бадыраңдын фитосанитардык талаптарга жооп бербегени жана тиешелүү маркировкасы жок экени аныкталган.

Департамент өлкөгө карантиндик зыяндуу организмдердин киришине жана таралышына жол бербөө максатында фитосанитардык көзөмөлдү үзгүлтүксүз жүргүзүп келет.