> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте 207 миң 500 түп жоогазын отургузулууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/18/bishkekte-207-min-500-tup-zhoogazyn-oturguzuluuda/
- Published: 2026-11-18T07:05:32.000Z
- Updated: 2026-11-18T07:05:31.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Коом

**Быйылкы сезондо Бишкек шаарынын төрт районунда голландиялык сорттогу, беш түрдүү түстөгү 207 500 түп жоогазын отургузулууда.**

> Бишкек мэриясы кабарлагандай, Рал райондор боюнча төмөндөгүдөй бөлүштүргөн:

- Биринчи Май району — **70 000 түп;**
- Ленин району — **60 000 түп;**
- Октябрь району — **50 000 түп;**
- Свердлов району — **27 500 түп.**

> Маалыматка караганда, шаарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында түркүн түстүүлүгү жана кооздук сапаттары менен айырмаланган голландиялык жоогазын сорттору тандалып алынган. 

Отургузуу иштеринин алдында топурак даярдалууда. Жоогазындын баштары **12–15 сантиметр** тереңдикке отургузулуп, үстү топурак менен жабылат. 

Жоогазындарды күзүндө отургузуу агротехникалык талаптарга ылайык жүргүзүлөт. Бул кышкы эс алуу мезгилинен өтүшү үчүн зарыл. Аталган процесс алардын толук кандуу өсүшүнө жана жазында гүлдөшүнө өбөлгө түзөт.

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**